Тогуздун айы 26, 2024
Убакыт: 08:32
USD
85.65
86.15
EUR
92.30
93.30
RUB
0.880
0.915

Президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен гемодиализ аппараттары сатып алынды

19.07.2023 09:01
228
Президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен гемодиализ аппараттары сатып алынды


Президенттин фондунун каражаттарынын эсебинен өлкөнүн жарандарына медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында гемодиализ аппараттары сатып алынды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы билдирет. 

Суу тазалоо системалары жана чыгымдалуучу материалдар топтому менен 10 даана диализ аппараттары жалпы суммасы 16 млн 552 миң 250 сомго сатылып алынды. 

Учурда Бишкек мамлекеттик кыргыз-түрк достук ооруканасында төрт гемодиализ аппараты орнотулду. Калган төртөө Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гемодиализ бөлүмүнө коюлуп, экөө Нарын облусунун Жумгал районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна өткөрүлүп берилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн