Чын курандын 08, 2025
Убакыт: 06:33
USD
86.80
87.30
EUR
95.10
96.10
RUB
0.990
1.040

Президенттин катышуусундагы футбол: Эртең Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат (схема)

29.08.2022 20:57
446
Президенттин катышуусундагы футбол: Эртең Бишкекте бир катар көчөлөр жабылат (схема)

Бишкекте эртең өткөрүлүүчү футбол оюнуна байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, саат 14:00дөн тартып, 23:00гө чейин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондун жанындагы көчөлөр жабылат.


Тактап айтканда,  Тоголок Молдо көчөсү түндүктү карай Чүй проспектисинен тартып, Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү, ал эми Фрунзе көчөсүнүн Тоголок Молдо көчөсүнөн тартып, Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.


Кайгуул кызматы айдоочулардан жол эрежесин сактап, каттамдарын алдын ала пландап алууну суранат.


Беттеш учурунда борбор калаанын тургундарынын жана конокторунун коопсуздугун укук коргоо органдары жана кайгуул кызматы камсыздайт.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн