Баш оона 23, 2025
Убакыт: 23:51
USD
87.10
87.60
EUR
101.90
102.90
RUB
1.075
1.105

Президенттин колдоосу менен көп балалуу үй-бүлөгө турак жай курулуп берилди

16.08.2023 14:04
603
Президенттин колдоосу менен көп балалуу үй-бүлөгө турак жай курулуп берилди


Ак-Талаа районунун Ак-Тал айылында президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен көп балалуу үй-бүлөгө турак жай курулуп берилди. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 15-августта райондун акими Жумадилла Жапаров Ак-Тал айылындагы 51 жаштагы баатыр эне Гүлзат Искаковага президенттин атынан салынып берилген жаңы үйдүн мамлекеттик актысын жана техникалык паспортун тапшырды.

Гүлзат Искакованын 7 баласы бар. 2020-жылы жолдошу каза болуп, балдарын жалгыз тарбиялап келет. Буга чейин анын кызы интернет булактары аркылуу президент Садыр Жапаровдун наамына видео кайрылуу жасаган. Анын кайрылуусу президентке жетип, аталган үй-бүлөгө жаңы турак-жай салынып берилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн