Бугу 15, 2024
Убакыт: 17:22
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Президенттин маалымат катчысы Байтерек "Ачык саясат" гезити менен соттошот

17.03.2021 13:12
749
Президенттин маалымат катчысы Байтерек "Ачык саясат" гезити менен соттошот

Президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек “Ачык саясат” гезитин сотко берет. Бул тууралуу басылманын башкы редактору Назгүл Мамытова социалдык баракчасында билдирди.


Анын айтымында гезититтин өткөн жумадагы чыгарылышына, “Галина Байтерек иштей албай жатат, ага караганда Анжелика иштесе мыкты иштемек хайп жаратып” – деген аталыштагы макала жарык көргөн. Ошондой эле Назгүл Мамытова соттошууга да даяр экенин баса белгилеген.


"Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек, "Ачык саясат" гезитин сотко берээрин билдириптир. Гезитибиздин өткөн жумадагы чыгарылышына, "Галина Байтерек иштей албай жатат, ага караганда Анжелика иштесе мыкты иштемек хайп жаратып" - деп жазганбыз.

Галина айым редакцияга телефон чалып, "Менин иштей албай жатканымды, президенттин маалымат саясатын туура жүргүзө албай жатканымды далилдеп бергиле, мени кайдагы бир ырчы Анжеликага эмнеге теңейсиңер? Мен сонун эле иштеп жатам" дейт. Кечээги эле Үңкүр-тоо боюнча маселеде коомчулукка бүлүк салып, кыргыз-өзбек ортосундагы маалыматты туура эмес берип, Президентти коомчулук астында бир топ сынга кабылтканын эмне дейт болду экен ыя?!

Урматтуу достор! Пресс катчынын ишмердүүлүгүн коомчулукка салалы. Чын эле Галина айым Президентти маалымат катчысы катары жипке тизген шурудай кылып, деңгээлин көтөрүп койдубу? Оюңарды ортого салгылачы. Буга чейинки президенттердин пресс катчылары сындасак сыныбызды туура кабыл алып, эч бир журналист менен конфликтке барышчу эмес! Сын айтылат, жазылат! Айрыкча президенттин айланасы сын-пикирге даяр болуш керек! Желпилдеп жеңил болуп, журналисттер менен ызы-чуу болсо Президентке эле сөз тиет!

Мен Галина эже менен соттошууга даярмын! Фейк-троллдорго СТОП!"

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн