Эгер маселе Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылса, ЖККУнун Уставына ылайык, Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери Казакстанга жамааттык күчтөрдүн курамында тынчтык орнотуу үчүн жөнөтүлөт. Мындай пикирин президенттин деп басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын бейпилдик күчтөрү стратегиялык маанидеги объектилерди коргоону камсыздоого тартылат.
«Биз өзгөчө белгилеп коюшубуз керек Кыргызстандын аскер кызматкерлери Казакстан Республикасындагы акциялардын катышуучуларына карата эч кандай күч колдонбойт», - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн