Президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек УКМКнын тергөө абагында жаткан Мелис Аспековдун билдирүүсү боюнча үн катты. Бул тууралуу 24.кг агенттиги жазды.
Байтеректин айтымында, Аспековдун билдирүүсү жалган маалымат.
"Мындай билдирүү аркылуу Аспеков коомчулуктун башын айлантып жатат. Андай болгон эмес, болушу да мүмкүн эмес болчу. Анын сөздөрүнө маани берүүнүн деле кереги жок. Ал пара талап кылуу боюнча кармалганын эстөө жетиштүү. Анын аракетинен кийин кантип анын сөзүнө ишенсе болот?",- деди Байтерек.
Эске салсак, Мелис Аспеков 2021-жылдын 10-январында өткөн президенттик шайлоо алдында Жапаров Жээнбековдон 10 млн доллар алган деген маалымат тараткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн