Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:54
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Президенттин маалымат катчысы Жапаровдун Дастан Бекешевдин билдирүүсүнө калтырган пикири боюнча түшүндүрмө берди

04.03.2021 10:03
1801
Президенттин маалымат катчысы Жапаровдун Дастан Бекешевдин билдирүүсүнө калтырган пикири боюнча түшүндүрмө берди

3-мартта Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өткөрүү мыйзам долбоору каралды.

Дастан Бекешев аталган Конституцияны сындап социалдык тармакта билдирүү калтырган. Бул билдирүүнүн астына президент Садыр Жапаров "Көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын-помощник"  деген билдирүү калтырган. 


Ушул комментарий боюнча президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек "Супер.кг" порталына түшүндүрмө берген. 

"Талкууланып жаткан билдирүүнү президент жазган эмес. Анын баракчасын бузуп кирген кызыкдар тарап билдирүүнү жазса керек. Азыркы тапта бул тууралуу тактап жатабыз. Садыр Жапаров өзү да буга аябай ачууланып, тынчсызданып жатат. Билдирүү жазган адам аныкталса, чара көрүлөт", - деди Байтерек.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жамила Азимбаева
Кудайдан корксо болот ушу Садырды каралап жаткандар.Бекешов озу деле ишенбейт.