Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 06:08
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президенттин маалымат катчысы кызматтан кеткен Алтынбек Сулаймановго жооп берди

27.09.2022 14:25
338
Президенттин маалымат катчысы кызматтан кеткен Алтынбек Сулаймановго жооп берди

Аймактарды өнүктүрүү боюнча бир жылдан бери долбоор даярдалып жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.


"Алтынбек Сулайманов айткандай, аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Даяр болору менен реформа башталат. Президенттин администрациясы кол куушуруп олтурган жок. Алгач тажрыйба иретинде бир аймакта сыналат. Андан кийин ошого жараша калган аймактарда иш жүрөт.


Көз ачып жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес. Аймактык реформанын долбоорун иштеп чыгуу көптөгөн жылдарды талап кылат. Өтө кылдат иштелип чыгууда. Популисттик кылып реформа жасап атабыз деп эле бышпаган нерсени жасай салсак, мамлекеттик түзүлүштү талкалап алышыбыз мүмкүн", - деп жазды Султанбаев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн