Бугу 09, 2024
Убакыт: 18:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Президенттин маалымат катчысы "Азаттык Медиа" сайтынын айланасындагы акыркы маалыматтарга байланыштуу комментарий берди

12.07.2023 15:40
331
Президенттин маалымат катчысы "Азаттык Медиа" сайтынын айланасындагы акыркы маалыматтарга байланыштуу комментарий берди


Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев "Азаттык Медиа" сайтынын айланасындагы акыркы маалыматтарга байланыштуу комментарий берип, Кыргызстанда сөз эркиндиги болгон, бар жана боло берерин баса белгиледи.

"Аталган маселе чоң коомдук талкуу жараткан. Буга чейин президент Садыр Жапаровдун атына Эркин Европа/радио Азаттык (RFE/RL) радиосунун жаңы президенти жана башкы директору Джеффри Гедминден бул туурасында маалымдаган кат келип түшкөн.

Бүгүн экинчи инстанциядагы сот Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен “Азаттык медианын” ортосундагы тынчтык келишимди бекитти, соттук териштирүүлөр токтоду, “Азаттык Медиага” карата чектөөлөр алынат.

Маселени ушундай жол менен жөнгө салуу ушул жылдын февралында эле мамлекет башчысы менен Эркин Европа/радио Азаттык (RFE/RL) радиосунун эми мурдагы президенти жана башкы директору Джейми Флайдын жолугушуусунун жүрүшүндө сунушталган болчу. Тилекке каршы анда баш тартып коюшкан", - деди ал.

Султанбаев билдиргендей, бул өлкөдө эч ким сөз эркиндигин басмырлайын же тигил же бул ЖМКны чектейин деген ниети жок экенин дагы бир жолу көрсөтөт.

"Бирок бардык жарандар, Кыргызстандын аймагында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар — өлкөнүн мыйзамдарына (анык эмес маалыматты таркатууга тыйуу салган) милдеттүү түрдө баш ийиши керек", - деп баса белгиледи ал.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн