Бүгүн, 26-мартта президент Садыр Жапаровдун маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кыргызстандыктарды сөз эркиндигине жамынып алып, маданиятсыз маалыматтарды таратпоого чакырды.
"Белгилүү бир саясатчынын кызынын тарткан сүрөтүн көрүп, кандайдыр бир маданияттуу сөз айтыш кыйын болуп турат. Бул эми жеткен бир маданиятсыздык, акылсыздык, чектен чыгуу экендигин акыл-эстүү ойлонгон адамдар баамдап эле жатат. Сөз эркиндигине жамынып алып, “баарын кыла берсе болот” дегенге өтө бербейли, урматтуу туугандар",- деп айтылат Султанбаевдин билдирүүсүндө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн