Бугу 07, 2024
Убакыт: 20:35
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Президенттин уулу саясатка аралашып жатат деген маалымат боюнча түшүндүрмө

07.09.2021 17:24
967
Президенттин уулу саясатка аралашып жатат деген маалымат боюнча түшүндүрмө

Президент Садыр Жапаровдун бир да жакын тууганы саясий иштерге аралашпайт. Бул тууралуу президенттик Администрациянын маалымат саясат бөлүмү билдирди.


Президенттин Администрациясы депутаттын айткандарын төгүндөдү.


"Президент Садыр Жапаров жакындарын саясатка аралаштырбоо боюнча өзүнүн позициясын өзгөртпөйт. Өлкө башчысы буга чейин бир нече жолу белгилегендей, өзүнүн жакындарын саясатка жана чоң кызматтарга аралаштырбайт",- деп билдирүү таратты президенттин Администрациясы.


Буга чейин депутат Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровдун уулу Рустам шайлоого аралашып жатканын айтып чыккан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн