Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:41
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Президенттин жаңы администрациясын "TS Group" курат

18.04.2022 14:04
497
Президенттин жаңы администрациясын "TS Group" курат

Президенттин администрациясынын жаңы имаратынын курулушун атамекендик «TS Group» компаниясы жүргүзөт, - деп билдирет президенттин басма сөз кызматы.


Президенттин иш башкармалыгы билдиргендей, азыркы учурда жаңы имарат куруу үчүн алмаштырыла турган 16 га аянттагы жер тилкеси боюнча кошумча комиссиялык баа (экспертиза) жүргүзүлүүдө.


Эгер, 16 гектар жердин баасы административдик имараттын иш жүзүндөгү наркынан ашып кетсе, курулуш компаниясы башка зарыл объектилерди куруу боюнча кошумча кызматтарды көрсөтөт.


Белгилей кетсек, 16 гектар жерге шаардын азыркы планына интеграцияланган, өнүккөн инфраструктурасы бар заманбап көп функционалдуу комплекс курулат».


Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 15-апрелинде КР президентинин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салынган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн