Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:53
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Президенттин жарлыгы менен Токмокто Ислам академиясы түзүлөт

09.01.2024 19:28
337
Президенттин жарлыгы менен Токмокто Ислам академиясы түзүлөт


Чүй облусунун Токмок шаарында "Ислам академиясы" мекемеси түзүлөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 2023-жылдын 28-декабрында кол койгон.

Жарлыктын тексти үстүбүздөгү жылдын 2-январында “Эркин-Тоо” гезитинде жарыяланган.

Билдирүүгө ылайык, окуу жай түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине баш иет. КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын сунуштарын эске алат.

Академия теологиялык билим берүү системасын өркүндөтүү, жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана билим берүү кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүйнөлүк рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максатында түзүлгөн.

Ислам академиясына кабыл алуу республикалык бюджетте каралган каражаттардын жана Кыргызстандын жогорку окуу жайларына билим алуучуларды кабыл алууга гранттардын чегинде жүзөөгө ашыруу каралган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн