Бугу 02, 2024
Убакыт: 15:26
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Президенттин жердештери көп жылдан бери таза суу маселеси чечилбегенине нааразы

28.07.2020 09:18
956
Президенттин жердештери көп жылдан бери таза суу маселеси чечилбегенине нааразы


Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында таза суу тартыш болууда. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти. 


Алардын айтымында, таза суу маселеси көп жылдан бери чечилбей келет. Алар 3 жыл мурун каражат чогултуп, 800 метр суу түтүгүн тартып, колонка орнотушкан. Бирок андан суу чыкпай койгон.


Ошондой эле суу чыгаруу үчүн суу колонкалары коюлганын, бирок суу чыкпагандыктан коңшу жайгашкан Телман, ДЭУ айылдарынан суу ташып келүүгө аргасыз болуп жатышат.


"Бул маселе боюнча өкмөткө, акимге кайрылдык, бирок жыйынтык болгон жок. Ал эми каналдагы сууну ичкенде жаш балдар дизентерия (инфекциялык оору) болуп ооруп жатышат", - дешет алар. 


Белгилей кетсек, Кара-Кулжа айылында 2 миң 635 түтүндө 15 миң 486 адам жашайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн