Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 13:41
USD
86.55
86.85
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Профессор Абдрашев Акунжан 67 жаш курагында дүйнө салды

23.05.2022 13:43
789
Профессор Абдрашев Акунжан 67 жаш курагында дүйнө салды

2022-жылдын 22-майында профессор, КРнын билим берүүсүнө эмгек сиңирген ишмер, мамлекеттик кызматтын мыктысы, билим берүүнүн мыктысы жана башка көптөгөн сыйлыктардын ээси Абдрашев Акунжан Баказович 67 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.


Акунжан Абдрашев 1955-жылы 18-октябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жарык дүйнөгө келген.


Ал 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети) тарых факультетине тапшырып, 1978-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.


1978-1986-жылдары Жалал-Абад шаарындагы №1 атайын техникалык орто окуу жайында тарых мугалими, директордун орун басары, 1986-88-жылдары Жалал-Абад шаарында компартиянын шаардык комитетинде парткабинеттин башчысы,1988-1994-жылдары Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунун директору, 1994-2000-жылдары Жалал-Абад шаарынын Билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, 2000-2001-жылдары Жалал-Абад шаарынын акиминин орун басары, 2001-2005-жылдары Жалал-Абад облустук билим берүү башкармалыгынын жетекчиси, 2006-2011-жылдары Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы болуп иштеген.


2011-жылдын 22-сентябрынан 2016-жылга чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалаган.


Акунжан Абдрашев - 40тан ашуун илимий (анын ичинде эки илимий монография) макаланын автору. Ал КМШ өлкөлөрүндөгү билим берүү саясатын изилдеген адис катары маалым.


Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн