Бугу 09, 2024
Убакыт: 19:41
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Прокуратура Kloop.kg сайтын жоюп, иштешине тыюу салууну сунуштап сотко кайрылды

28.08.2023 17:45
300
Прокуратура Kloop.kg сайтын жоюп, иштешине тыюу салууну сунуштап сотко кайрылды


Бишкек прокуратурасы Kloop.kg сайты менен таанымал Kloop Media коомдук фондун жоюуну жана иштешине тыюу салууну сунуштады. Бул туурасында аталган ЖМК кабарлады.


Маалыматка ылайык, борбор калаанын прокурору Эмилбек Абдыманапов мындай арыз менен Октябрь райондук сотуна кайрылган. Анда интернет-портал азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сынга алууга багытталган материалдарды чыгарып жатканы белгиленген.


"Жарыялаган маалыматтарынын басымдуу бөлүгү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүнүн ишин жокко чыгарууга багытталып, негативдүү маанай жаратат. 2021-жылдын 20-ноябрында УКМК тарабынан Kloop.Media коомдук фондунун бийликти басып алууга чакырык таштаган фактысы сотко чейинки өндүрүшкө алынган", — деп жазылат документте. 


Ошондой эле прокурор Kloop.Media мамлекеттик реестрге ЖМК катары катталбаганын, анын уставында маалымат таратуу функциясы жок экенин билдирүүдө. Анын менен катар көзөмөл органы бийликти кескин сындады деп эсептеген материалдардын темасы көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, прокуратура Kloop.kg сайтынын жетекчилери эл аралык уюмдан түшкөн ири суммадагы каражатты жашырган деп кине койгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн