Бугу 19, 2024
Убакыт: 15:48
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Прокуратура иш козгоду. Караколдо жаңы салынган жол алты айда бузулган

13.07.2023 12:09
236
Прокуратура иш козгоду. Караколдо жаңы салынган жол алты айда бузулган


Ысык-Көл облусунун прокуратурасы Караколдогу Кыдыр аке көчөсүнүн 1,4 чакырым жолду реконструкциялоонун мыйзамдуулугун текшерди. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.


Маалым болгондой, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун дирекциясынын кызматкерлери жана подрядчы болгон «Д.» ЖЧКсы. — аткарылган иштердин көлөмүн ашыра баалашкан, ал эми оңдоо иштери начар жүргүзүлгөн. Натыйжада жол пайдаланууга берилгенине 6 айга жетпей бузулган.


Мамлекетке 1 миллион 792 миң 887 сом зыян келтирилген.


Облустук прокуратура "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн