Бугу 10, 2024
Убакыт: 05:54
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Прокуратуранын ведомстволук балдар бакчасында мындан ары мамлекеттик тилде тарбия берилет

21.09.2021 08:15
708
Прокуратуранын ведомстволук балдар бакчасында мындан ары мамлекеттик тилде тарбия берилет



Жүрөгүндө эне тили, көкүрөгүндө комуздун күүсү ойногон балдардан эртеңки Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Исхак Раззаков өңдүү чыгаан инсандар чыгарына бөркүмдөй ишенем. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев, бүгүн прокуратуранын "Наристе" балдар бакчасында 23-сентябрь Мамлекеттик тил күнүнө карата өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чарада билдирди.  Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.


Иш-чарага Билим берүү жана илим министри Б. Купешов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы С. Мусаев, академик А. Акматалиев, тарбиялануучулардын ата-энелери жана жалпы прокуратура органдарынын кызматкерлери катышты. 


Салтанатты Башкы прокурор ачып, өз сөзүндө “Биз канчалык эне тилибиз тууралуу кеп кылбайлы, маселе тилде гана эмес, тил аркылуу улутту сактап калууда турат. А улуттун пайдубалы - биздин балдарыбыз болот. Ошондуктан биз балдарыбызды наристе кезинен «Мен Кыргызмын» «Мен кылым карыткан улуу элдин урпагымын» деп сыймыктануу менен айта тургандай тарбиялашыбыз керек.” – деп баса белгиледи. 


Иш-чаранын катышуучулары коомдогу мамлекеттик тилдин орду жана аны өнүктүрүүгө жасалган аракеттер тууралуу кеп козгошту. Ошондой эле, алар Башкы прокурорго мамлекеттик тилдин өнүгүүсү үчүн жасаган аракеттерине ыраазычылык билдиришип, расмий тилде тарбия берип келген “Наристе” балдар бакчасын мамлекеттик тилде тарбиялоого өтүү тууралуу Башкы прокурордун демилгесин колдошуп, бул иш башка мамлекеттик мекемелерге үлгү экендигин айтып өтүштү. 


Мамлекеттик тил күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара атайын бөбөктөргө арналган оюн-зоок жана концерттик программалар менен коштолду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн