Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин кайсы вакцина менен эмделгени тууралуу айтты. Бул тууралуу ал бүгүн түз эфирде суроолорго жооп берип жатып билдирди.
"Мен ачыгын айтайын "Спутник V" вакцинасы менен эмдөөдөн өттүм. Биринчи дозасын алгандан кийин эч кандай терс таасирин сезген жокмун. Ал эми экинчи дозасын алгандан кийин температурам 37 градуска чыкты. Эртеси күнү баары жайына келди",- деди Путин.
Эске салсак, Путин бир канча ай мурда коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп, кайсы вакцина экени тууралуу маалымат берилген эмес.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн