Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Путин кыргыз элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

31.08.2022 13:53
651
Путин кыргыз элин эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнү менен куттуктады


“Урматтуу Садыр Нургожоевич, Кыргыз Республикасынын улуттук майрамы – Эгемендүүлүк күнүнө карата менин эң жылуу куттуктоолорумду кабыл алыңыз.


Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык духунда өнүгүп жатат. Ар түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташуу, ЕврАзЭС, ЖККУ, КМШ, ШКУ жана башка көп тараптуу түзүмдөрдүн алкагындагы кызматташуу жакшы натыйжа берүүдө. Биргелешкен күч-аракеттер менен биз дос элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн, аймактык коопсуздукту жана стабилдүүлүктү чыңдоо максатында өз ара пайдалуу орус-кыргыз мамилелеринин бардык комплексин мындан ары кеңейтүүнү камсыздайбыз деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоо катында.


Владимир Путин президент Садыр Жапаровго чың ден соолук жана ийгиликтерди, ал эми өлкөнүн бардык жарандарына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн