21-сентябрда Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин өлкөдө жарым-жартылай мобилизациялоо жарыялады.
Буга байланыштуу Россиядан башка өлкөнү көздөй жөнөгөн адамдардын саны кескин өстү.
Интернет булактарынан алынган маалыматка таянсак, Москва-Бишкек авиакаттамы боюнча билеттердин баасы да кескин өскөн.
Мурда 35-40 миң сом турган билеттер эми 75 миңден 110 миң сомго чейин көтөрүлгөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн