Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:28
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Qatar Airways "Манас" аэропорту менен иштешүүгө кызыкдар

09.02.2024 12:40
203
Qatar Airways "Манас" аэропорту менен иштешүүгө кызыкдар


Qatar Airways авиакомпаниясы "Манас" эл аралык аэропорту менен иштешүүгө кызыкдар болуп жатканын аба майдандын мааламыт кызматы билдирди.


Авиакомпаниянын өкүлдөрү менен аэропорттун аткаруучу директору Мирлан Кубаталиев сүйлөшкөн. Жолугушууда кызматташуу жана жаңы эл аралык каттамдарды ачуу талкууланганы айтылды.


"Дүйнөдөгү эң ири авиакомпаниялардын бири болгон Qatar Airways "Манас" аэропорту менен иштешүүгө кызыкдарлыгын билдирип жатканына кубанычтабыз. Бул компания бүгүнкү күндө кеңейип, ыкчам өнүгүп жаткан жаш флоттордун бири. Бардык багытта, жүк ташуу жаатында да кызматташууга даярбыз", — деди Кубаталиев.


Катарлык өнөктөштөргө Кыргызстандын аймактагы аэропорттору көрсөтүлүп, алардын өнүгүү жолдору айтылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн