Чын курандын 20, 2025
Убакыт: 19:54
USD
86.70
87.20
EUR
98.50
99.50
RUB
1.050
1.095

«Радуга» пансионатындагы массалык мушташтан 18 адам кармалган

29.06.2022 15:33
373
«Радуга» пансионатындагы массалык мушташтан 18 адам кармалган


Социалдык тармактарга тараган «Радуга» пансионатынын жээгиндеги мушташ тартылган видео боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.


29-июнь күнү саат 12:50 чамасында Ысык-Көл РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Сары-Ой айылындагы «Радуга» пансионатынын пляжында мушташып жаткандыгы тууралуу телефонограмма келип түшкөн.


Бул билдирүү катталып, туристтик сезондо коомдук коопсуздукту камсыздоого тартылган ыкчам-тергөө тобу жана милициянын мобилдүү отряддары дароо ошол жерге жөнөп кетишкен. Натыйжада 18 адам кармалган.


Учурда милиция кызматкерлери окуя болгон жерде болуп, ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат – массалык мушташтын катышуучуларынын өздүгү такталып, андан ары иликтөө үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн