Тогуздун айы 18, 2024
Убакыт: 14:39
USD
85.35
85.85
EUR
92.20
93.20
RUB
0.870
0.910

Рафаэль Физиев кыргызстандыктардан кечирим сурады

16.10.2021 12:11
1257
Рафаэль Физиев кыргызстандыктардан кечирим сурады


Кыргыз өлкөсүнөн көчүп кетүүнү чечкен UFC мушкери Рафаэль Физиев аны буга чейин колдоп келген кыргыз элинен кечирим сурады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.


«Маалыматтык согуш эң жогорку деңгээлде жүргүзүлдү. Баары акырын гана менин Америкадан башпаанек алгым келгенин, акчан үчүн кетип жатканымды жана башка көптөгөн нерселерди жазып, мени душман катары көрүштү. Диниме жана улутума карабай менин Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында мелдештерге чыкканым үчүн колдогон адамдардан үмүтүңөрдү актай албаганым жана эмоцияга берилгеним үчүн кечирим сурайм. Анан албетте кечирим суроого эми кеч экенин түшүнөм», — деп жазды Физиев.


Рафаэль Физиев 14-октябрда мындан ары беттештерге Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында чыкпаарын, өлкөдөн көчүп кетери тууралуу кайрылуу жасаган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн