Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Рамзан Кадыров коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды, - ЖМК

22.05.2020 09:17
934
Рамзан Кадыров коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды, - ЖМК


Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров коронавируска шектелип ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Baza жана «Интерфакс» агенттиктери өз булактарына таянып жазып чыгышты. Азырынча бул маалыматты расмий түзүмдөр ырастай элек.

«Интерфакс» Рамзан Кадыров учак менен Москвадагы ооруканалардын бирине жеткирилгенин жазды. «Кадыров коронавируска шектелип жатат, азыр ал медиктердин көзөмөлүндө», — деп кабарлаган агенттиктин булагы.

«Базанын» маалыматына караганда, Кадыровдун өпкөсү сезгенген. Алгач ал ооруп жатканын билдиргенде суук тийген болушу мүмкүндүгү айтылган. Бирок акыркы күндөрү абалы кескин начарлап кеткен.

Россиянын башка аймактарына салыштырмалуу Чеченстандагы карантиндик чаралар кыйла катаал. Республикада коменданттык саат киргизилип, коомдук транспорттор токтогон. Мындан тышкары Россиянын башка облустарынан адамдардын кирүүсүнө тыюу салынган.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын маалыматы боюнча Чеченстанда 1 миңден ашык кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн