Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:11
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Расмий түрдө Эрлан Абдылдаев Германиядагы элчи кызматынан бошотулуп, ордуна Текебаев дайындалды

03.02.2022 13:51
871
Расмий түрдө Эрлан Абдылдаев Германиядагы элчи кызматынан бошотулуп, ордуна Текебаев дайындалды

Президент Садыр Жапаров Жарлыкка кол койду, ага ылайык, Текебаев Өмүрбек Чиркешович Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлайт.


Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Абдылдаев Эрлан Бекешович Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Берлин шаарындагы резиденциясы менен ишти айкалыштыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Норвегия Королдугундагы, Дания Королдугундагы, Швеция Королдугундагы, Ыйык Тактыдагы жана Польша Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан бошотулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн