Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Райымбек Матраимов Токтогулга “Манас” деген жаңы борбор шаарын курабы?

11.12.2020 14:14
2760
Райымбек Матраимов Токтогулга “Манас” деген жаңы борбор шаарын курабы?
Бала чагымдагы айылдын кышын ойлоп олтурам. Кар эле жаай берчү эле. Жыгач күрѳк, зымкарагайлар, жылаңач тал-теректер, балык жон, боз жалпак тамдардын жанында тон кийип алып томпоңдоп, кар күрѳп жүргѳн балдар элестейт. Агезде кѳмүр менен ишибиз жок, темир мешке кѳң жагар элек. Айылдын баары эле кыштан жалаң кѳң менен чыкчу. Ошондо деле кыштын мойну алты-жети айга созулчу. Тоңуп ѳлгѳн деле эчким болгон эмес.


Премьер-министр Данияр Үсѳновдун 2010-жылдын 3-мартында Нарындагы эл менен жолукканы, нарындыктар ѳкмѳттѳн светти арзандатып берүүсүн талап кылганы... Бакиевдин тезек тууралуу айтканы... 6-апрелде Таласта Болот Шердин камалганы... 7-апрелдеги 80 баланын Ала-Тоо аянтындагы ѳлүмү... Кыргыз балдарынын кыргыз байларынын огунан аккан каны... Бакиевдин, Ширшовдун качышы... Бирок Бакиевдин “башкаруу ыкмалары” менен “Ширшовдун схемаларынын” качпай-этпейле кала бергени...


Убактылуу ѳкмѳт... Отунбаева... Атамбаев... Атамбаевдин ѳзбек президентин сѳгүп салыптыр деп ушак тараганы... Каримовдун республиканын түштүк аймагына газ бербей койгону... Кыргызстандын бирдиктүү энергетикалык шакектин “чынжырынан” чыгышы... Датка-Кемин подстанциясынын курулушу... Түндүк-Түштүк автожолу... “Газпромдун” келиши... “Акылдуу эсептегичтердин” акылсыз, арамза эсептери...


Жээнбеков... Саясий партиялардын кылыгы... Жапыкеевдин жаалы... Элдин нааразылыгы... “Таш-малтай” тѳңкѳрүш... И.о. президент Садыр Жапаровдун Нарын облусунун эли менен 2020-жылдын 9-ноябрындагы жолугушуусу... Нарындыктардын баягы эле 30 жылдан берки чечилбей келаткан жол, свет жѳнүндѳгү арманы... Садырдын “быйылкы кыштан чыдап чыккыла, буюрса кийинки жылдан тартып электр энергияңардын баасын тѳмѳн түшүрүп беребиз... мурдагыдай бир киловатын 77 тыйындан кылып беребиз” деп убада бергени...


Убада жакшы. Айрыкча уккан кезде аябай жакшы. Жолугушууга келгендер үйлѳрүнѳ жыргаган бойдон кеткени чын: “президент болчу киши мыкты экен, свет арзандамай болду” деп... Аттиң Кыргызстандын, анын энерготармагынын маселеси мына ушул бир облустун светин арзданткан менен эле чечилип калса канакей? Же Ат-Башы менен Нарындан башка жерде кыш болбойбу? Акыркы жылдары Нарынга караганда Чүй суук боло баштады го. Эртең жазында “арзандат!” деп Алай чыкса эмне кылабыз? “Арзандат!” деп Алайкуу чыкса эмне кылабыз? Талас чыкса эмне кылабыз?


Деги Кыргызстанда проблемаларды жаңы идеялар, жакшы иштер менен эмес, эскирген куру убадалар менен чечүү качан токтойт?

С. Жээнбековдон кийин далай “алдооч-баштыктар” келип: “Урматтуу эл-журт! Сиздердин маселеңиздерди биз жакшы билебиз. Буюрса “Учкунга” суу чыгарып берүү боюнча долбоор эмдиги жылдын планына кирмей болду. Азыр адистер күндүр-түндүр, баш көтөрбөй иштеп жатат. Бир аз чыдай тургула. Буюрса шайлоо бүтѳрү менен дароо сиздердин маселеге олтурабыз” деген бойдон кетишет...
Ошол күндѳн ушул күнгѳ чейин тоолуу Нарындын кан жолунун этегиндеги бир айыл 19-20-21-кылымдардан бери эле иче турган суусун алыстан, ар кайсыл булактан ташып ичип келе жатат. Аларга убада берген чиновниктер дагы эле "күндүр-түндүр, баш көтөрбөй иштеп жатат"...


Былтыр Кытайдын кыргыздар жашаган Улуу-Чат аймагында-- Артышта болдук. Чогуу барган президенттик админстрация менен Жогорку Кеңештин бѳлүм башчыларынын: “Мындан аз жыл мурда эле Артыш мындай эмес эле, Бишкектен да ѳтүп кетиптир!” деп тамшанган сѳздѳрүн эстедим. Үрүмчүнүн Эл арлык аэропортунан Кыргызстанга келип түшкѳндѳ биздин “Манас” аэропортунун кебетеси, Кудай ѳзү кечирер, Кудайдын ичи кең эмеспи, кѳзүмѳ “кепе” болуп кѳрүндү. Ошондо аэропорттун “Манас” деген атын колумдан келсе үйүмѳ алып кетип, Сагымбайдын китебине “ката” койгум келип турду...


Досум Нуралы Капаровдун “Досума кат” китебиндеги “Сабак” деген ыры эсиме түштү. Мен үч куплетин гана эсиңерге сала кетейин:


Аа, кыргызым, ар бир учур шамалдуу,
Ааламаттуу, анан дагы караңгы.
Айбат менен алалбайсың атакты,
кылыч менен кыралбайсың жараңды.


Жаакташканды жакын кылар касың жок,
жаатташканды бириктирер башың жок.
Мансабыңа майлык болду аялдар,
Манас тѳрѳп бере турган катын жок.


...Жан сырыңдай кабыл алгын кебимди,
жалын менен сынабагын элиңди!
Жарымынан ажыраган кыргызбыз,
жыгач менен сындырам деп темирди!.. –деген.


Эми кайрадан убадага келели. Убагында Маргарет Тетчер “Ал эч качан жаңылган эмес” деп баа берген Сингапурдун мамлекет башчысы Ли Куан Ю: “Оппозициядан эмес, убададан корк. Оппозиция менен каалаган учурда тил табышсаң болот. Ал эми аткарууга мүмкүн болбой турган убададан ѳткѳн жаман оппозиция жок” деп айткан.


Дэн Сяопин айтыптыр: “Билимсиз, артта калган караңгы эл гана убадага ишенчээк болот. Мындай элди башкаруу бир чети кыйын, бир чети оңой” деп.


Чынында эле мындай элге башчы болуп КЕЛИШ ОҢОЙ болгон менен, кайра мындай "жыргалдан" КЕТИШ КЫЙЫН болот.


Премьер-министр болгондогу 1-сүйлѳгѳн сѳзүндѳ Черчилль Англияга: “Жонтерибиз түшкѳнчѳ, жаныбыз менен каныбыз акканча иштебесек эл боло албайбыз!” деген сѳздѳн бѳлѳк элине эч нерсени убада кылган эмес. Англичандар Черчиллдин так ушул сѳзүнүнѳн кийин эл болгонун айтышат.



Бизге бүгүн дал ушундай убада бербеген, артын жыйнап, алдын кѳрѳ билген даанышман, кеменгер, “бѳктѳргү кушту учкан жейт, бѳлүнгѳн журтту душман жейт” кылбаган жетекчи керек болуп турат. Кыргыз бүгүн майдаланып олтуруп, билим алаганга эмес ушак укканга "адистешип" олтуруп, куру убадалардан тажабаган эл болдук. Отуз жылдан бери жалаң убада менен жашап келатабыз...



Маркум Эгембердиев Табылды досумду эстейм. “Шоронун” филиалын Кытайга салам, кыргыздын максымын миллиарддаган кытайга ичирем” деген таттуу үмүт менен кеткенден бир айдан кийин телефон чалдым:


- Кандайсың? -деп.


- Кытайлар укмуш экен! Жолун салып, светин коюп, суусун чыгарып, жашай турган шарттын баарын түзүп берди. “Шапке” сураган эчким жок, жыргап эле калдым, эми иштеш гана керек,- деген эле бакылдап...


Кечээ эле айыл тургай шаарларында “киши араба”, “эшек араба” менен жүргѳн кытай бүгүн электрэнергия ѳндүрүү боюнча дүйнѳдѳгү эң эле кубаттуу деген ѳлкѳлѳрдүн бирине айланыптыр. Электрэнергиясынын 72 пайызын 2015-жылга чейин кѳмүрдѳн алып келген болсо, түтүнүнүн зыянынан кийин кѳмүр керектѳѳнү улам азайтуу менен энергияны Күндүн булагынан алуунун үстүндѳ иштей баштаган. АКШнын энергетика башкармалыгынын божомолу боюнча Кытайда Күндѳн алынчу энергетиканын кубаттуулугу 2040-жылга чейин жыл сайын 7 пайызга, ал эми шамалдан алынуучу энергетиканын кубаттуулугу жыл сайын 5 пайызга ѳсүп олтурмакчы. Күн технология тармагынын үзүрү күткѳндѳгүдѳн да жакшы болууда, 2000-жылы күндѳн алынган фотоэлектрдик электроэнергиянын кВт/сааты 15, 1 кытай юан болсо, 2018-жылы кВт/сааты 0,79 кытай юанына түшкѳн. Кытай ѳкмѳтү ушул эле жылы Күндүн фотоэлектрдик ѳнѳржайлары үчүн субсидиялардын кѳлѳмүн кѳмүр менен атаандашсын деп атайылап кыскарткан. Бул тармакты жакшы билген эксперттердин айтымында мындан улам Күндѳн алынган энергия болжогондон да жакшы болгонун, Кытайдын кѳп жерлериндеги энергия проблемаларын чечүүчү күчкѳ Күн энергостанциялары айланганын белгилешүүдѳ.

Элди ѳстүрбѳй, улам артка тартып, акыры эл кылбайле, кара курсактын гана камынан башканы ойлогонго жарабаган макулук кылып сала турган, анан бара-бара эл катары жок кыла турган, сырттан да, ичтен да кирген жаман адаттар болот. Бир балээси, мындай жаман нерселер улам алсызданып, улам начарлап бараткан элге ылдам “жабышып”, ылдам “аралашып”, ылдам “сиңгенинде” болот экен. Эмнегедир мындай элдер багытын жакшы нерселерге буруп, алдыңкы технологияларга, илим-билимге таянуунун ордуна жоголуп бараткан, келечексиз, бара-бара акыл-эсин “мунжу” кылып сала турган жаман нерселерди "жакшы" деп таанып, бекем ишенип, бат ээрчип кетет экен. Биз кыргыздар бүгүн ушул жолго түшүп алган жокпузбу?



Миллиарддаган Индия элинин Кытайдай же Америкадай ѳсѳ албай жаткандыгынын себебин Ли Куан Ю, минтип айтпады беле? Эсиңердеби? Анда дагы бир жолу эске салалы.


"Индияны өнүктүрбөй, анын колу-бутун тушап турган бир жагдай—касталык система. Эгер сен төмөнкү кастадагы кыз менен турмуш курсаң, автоматтык түрдө өзүңдүн кастаңдан чыгарыласың жана ага чейинки бардык жакшылыктарыңдан ажыратыласың. Ошондуктан Индияда брахман уруусундагылар жалаң гана брахманга, вайши уруусундагылар жалаң гана вайшилерге, далиттер жалаң гана далиттерге гана үйлөнүүлөрү бузулгус салтка айланган.


Индияда дүйнөдөгү билимдүү жана көп тил билген каста брахмандар болуп саналат. Бирок булар эч качан өзүнөн төмөнкү касталар менен кыз алышып, кыз беришип, кан аралаштырбайт. Ал эми байыркы Кытайда белгилүү адамдар, жогорку аскер чиновниктери, интеллектиси бийик адамдар даражасына карабай туруп, өздөрү каалаган элден бир нече аял алып, генин улам жаңы аймактарга “чачып” таратып келген. Брахмандар минте алышкан эмес. Эгер минтсе дароо кызматтарынан, даражаларынан кол жууган. Эгер касталык система тоскоолдук кылбаганда брахмандар канындагы мыкты сапаттарын бүтүндөй Индия боюнча таратып, өлкөнүн өнүгүшүнө өзгөчө таасир этет болчу".



Бизди ѳстүрбѳй келаткан жаман адаттарыбыздын бири “кѳрѳ албастык” , ичи тардык жана паракордук. Баткендик жигитибиз Американын атактуу университетинин биринен жогоруда сѳз кылган Жеф Мозердин билиминдей энергетика технологиясы боюнча адистикке ээ болуп келип, 6-7 миң сомдук айлыкка кайыл болуп: “Кыргызстанымды экологиялык таза энергиялуу кылсам деген долбоорум бар, иштеп берейин” деп келип, бирок Акүйдѳгү “бетон чиновниктердин” дубалынан ары ѳтѳ албай, кайра-кайра түшүндүрсѳ да түшүнбѳй, түшүнмѳк тургай кайра шылдыңдап: “Кара-Кеченин кѳмүрү канча миллион тонна экенин билесиңби? Эми башкасы түгѳнүп, Америкаңардын сата турганы Кудайдын Күнү калдыбы?” деп “кууп” чыкканын эмне дейбиз? Мындай жапайычылык, мындай караңгы түркѳйлүк Жер шарынан бизде гана, биздин Кыргызстанда гана болбосо, бѳлѳк жерде болбойт го дейм?!


Азыр ошол жигит Күн энергиясын ѳндүргѳн чет элдик бир фирманын биринде 15-20 миң доллар айлык менен иштеп жүргѳндүгүн айтышууда.



Дагы бир программист жигитибизди “Мегаком” албай коюп, бүгүн ал АКШнын бүтүндөй дүйнѳ ѳлкѳлѳрүнѳ жүк ташыган “Амазон” компаниясында иштеп жатат.


Жакырчылыктан башы чыкпай келаткан Африка ѳлкѳлѳрүнѳ: “Айланайын аппактарым, тууйт десе эле ай сайын, жыл сайын чубуртуп-куюлтуп тууй бербей, балдарыңардын саны эмес, сапатына кѳңүл бургула, эли-жериңерди баккыдай кылып аз-аздан туугула?” деп, алардын мусулман эли экенине, хиристиан же католик экенине карабай, такай акчалай да, башкалай да жардам берип келаткан атактуу америкалык Бил Гейтстин “Майкрософт” корпорациясында Баткендик кыргыз жигитинин программист болуп иштеп жатканы эмне деген керемет?!



Бул сыяктуу башы иштеген кыз-жигиттерибизди дүйнѳнүн ѳнүккѳн ѳлкѳлѳрүнүн четинен таап санасак болот? Ошол билимдүү улан-кыздарыбыздын кѳбү Кыргызстанга, Акүйгѳ келген. Бирок биздин "башы эмес, арты гана иштеген чиновниктер" аларды “корррупциялык системанын” бир деталы болуп киришин каалашакан. Кѳнбѳй койгондон кийин “кууп” салышкан.


Убагында Сингапурдун премьер-министри Ли Куан Ю: “Келерим менен билимсиз, жалаң жагымпоздук менен жан баккан, мансап менен акчаны ата-энелеринен да жакшы кѳргѳн кызматкерлерди Дүйнѳнүн атактуу окуу жайларынан билим алып келген билимдүү кадрлар менен алмаштырдым. Ѳлкѳгѳ зыянынан башка пайдасы жоктор менен кошо кабинеттердеги компьютерлердин клавишаларына чейин сиңип калган алардын жаман жыттары да кошо кетти” деген эле.



Кытайда 2016-жылы күн батареяларынын жалпы кубаттуулугу 34 гигаваттан ашкан. Кытайда оор ѳнѳр жайынан тартып айылчарба тармагындагы фермердик чарбаларга чейин ѳтѳ ылдамдык менен дүркүрѳп ѳнүгүп жаткандыгынын сыры да мына ушул арзан жана таза энергия менен жетиштүү камсыз болгондугунда. 34 гигавтт энергия деген АКШ ѳндүрүп жаткан ушундай эле Күн энергиянын кѳрсѳткүчүнѳн жарым эсеге кѳп дегендик.



Анткен менен Кытай энергиянын 66 пайызын дагы деле кѳмүрдѳн алгандыктан, айрым шаарларын ыш басып турат. Эксперттердин ою боюнча шаарларды каптап турган ыш болбогондо ѳлкѳ дагы 12 пайыз Күн энергиясын кѳбүрѳѳк алмак. Анткен менен Күн энергиясын иштеп чыгууда Кытай бүгүн дүйнѳ боюнча биринчи орунга чыкты.



Ошентип, биз 30 жылдан бери ѳлкѳнү сызга олтургузуп келеткан “Ширшовдун схемасынан” кутула албай келатсак, дүйнѳ элдери илим-билимге умтулуп, таза, арзан энергия алуунун үстүндѳ иштеп жатышат. Канада Түндүк аймактарына Күн энергиясын алып бара турган долбоор үчүн 2, 6 млн. доллар бѳлсѳ, Австралиялык инвесторлор ѳз ѳлкѳсүнѳ дүйнѳдѳгү эң кубаттуу Күн электростанциясын куруу үчүн 20 млрд. доллар бѳлдү. 12 миң гектар жерди ээлеген ал электростанция ишке киргенде, жылына 10 гиговтт электр энергиясын иштеп чыгарарын айтышууда.



Канадада жалпысынан 542 гидростанция бар. Канада электрэнергиянын 58 пайызын гидростанциялардан алат. Инновациялык технологиялардын жардамы менен Канадалык окумуштуулар бүгүн океандагы толкундун күчүнѳн электр энергиясын алууга жетишти. Мындай электростанция жакында Фанди куймасына курулганы турат.


ТАЖИКСТАН


Ошентип биз 30 жылдан бери кызмат бѳлүшѳ албай, кыз-келиндерибиз менен эр азаматтарыбыздын баары саясаттын сазына “тыгылып” чыгалбай жаткан кезде, коңшу ѳлкѳлѳр келечегин куруп кирди. Тажикстандын ѳкмѳтү электр энергиясы жетпеген тоо койнундагы 156 айылдын жашоо-турмушун Күндүн энергиясы менен камсыздай турган Күн батареяларын орнотууну колго алды. Азия ѳнүктүрүү Банкы ал үчүн 11 млн. доллар бѳлдү, донорлор 2,5 миң күн батареяларын сатып беришти.


КАЗАКСТАН


Евразиялык ѳнүктүрүү Банкы жана “Хевел” компаниясынын тобу Казакстандын Акмоло облусуна кубаттуулугу 100 мВт турган Күн энергостанциясын куруу үчүн 63 млн. евро бѳлгѳн. Курулушу ушул жылы аяктоого тийиш. Бул электростанция Казакстандын энерготармагын жылына 150млн. кВт/сааттык “жашыл энергия” менен камсыз кылып турмакчы.


ТҮРКМӨНСТАН


Ушул эле “жашыл энергия” менен ѳлкѳнүн ѳнѳржайын алдыга жылдыруу максатында Түркмѳнстандын Илимдер Академиясынын Күн энергиясы боюнча Институтунун илимпоздору мамлекеттик программанын үстүндѳ эмгектенүүдѳ. Окумуштуулардын эсеби боюнча Түркмѳнстанда күн энергиясынын бир чарчы метр жердеги орточо таптуулугунун кубаты 600 ватт. Эгер Түркмөнстанда Күн энергиясынын бир эле энергостанциясы курула турган болсо ал жыл сайын 14 млрд. киловатт-саат энергия бере алат дешет.


ӨЗБЕКСТАН


Ѳзбекстан Самаркан облусуна кубаттуулугу 100 МВт келген Күн электростанциясын курмай болду. Буйрукка президент Шавкат Мирзиеев кол койду. Курулушту Франциянын инвестиция жана тышкы соода министрлиги менен француздардын “Total Eren SA” аттуу компаниясы жүргүзѳт. Электрстанцияны пайдаланууга берүү мѳѳнѳтү 25 жыл. Аталган компания электрстанциянын курулушу үчүн былтыр сентябрь айында Ѳзбекстанга 150 миллион евро инвестиция саларын билдирген. Алгачкы энергия эмдиги жылдан баштап алына баштамакчы.



Алыскы ѳнүккѳн ѳлкѳлѳргѳ айла жок дейли. Биз коңшуларыбыздын аракетинен аз да болсо мисал тарттык. Мен былтыр жайда Кочкордо болгондо Болот аттуу жергиликтүү фермерге жолугуп, ага Европалык инвесторлор келип бак ѳстүрүп жаткан аянтына 3 киловаттык Күн батареясын коюп берип кеткенин уккан элем. Болоттун айтуусу боюнча анын энергиясы ошол гектарлаган бак аянтын толук суу менен жана жанына салынган үйдү ысык суу менен камсыз кылганга жетмек.

“Кѳрѳ албастык биздин жазып же ырдап жүргѳн чыгармачыл адамдарда эле эмес, кыргыздын баарында бар. Эски машинасы бар шоопур жаңы машина алган шоопурду кѳрѳ албайт, начар түшүм алган дыйкан кѳп түшүм алган дыйканды кѳрѳ албайт, начар жазган акын, жакшы жазган акынды кѳрѳ албайт, таланты жок артис таланттуу артисти кѳрѳ албайт” деп досум Нуралы айтты эле.


Мына бизди ѳстүрбѳй, колдон-буттан тартып ѳксүтүп келаткан кѳрѳ албас иттигибиз! Казак менен кыргыздын бирдей аксакалы Динмухаммед Ахмед уулу Кунаевдин: “Карактарым, кыргыздын душманы башкалар эмес, кыргыздын душманы кыргыз экендиги эсиңерде болсун!” деген сѳзү аргасыздан эске түшѳт.



Макаламды аяктап баратып, бүгүн жоо чаба тургансып “кол курап”, кол курап дегеним, кыргыздын булчуңдуу балдарын жыйнап алып, спорт клубдары дегендерди түзүп алып, аларды мушташ менен күрѳштүн ар кандай түрүнѳ машыктырып, финансылап жүргѳн аттуу-баштуу азаматтарга айтарым: албетте спорт да жакшы, айрыкча кайсыл бир мелдеште атаандашын жеңип чыккан кызыбыз же жигитибиз Кыргызстандын туусун желбиретип турса, кѳзүңдѳн жаш чыгып, сыймыктанасың, мактанасың. Бирок баары бир ѳнүгѳ албай жаткан Кыргызстанды Дүйнѳ чемпионаттарынан жыйнап келген медалдарыбыз менен ѳнүктүрүп, ѳстүрүп кете албайт экенбиз да.


Андыктан Кыргызстандын колунда бар жигиттери күчү муштумуна чыккандардын клубдарынан тышкары дагы, акылы башына чыккан, мээси таза иштеген айылдын да, шаардын да илим-билимге ынтызар, таланттуу кыз-жигиттерин топтоп, БИЛИМДҮҮЛӨРДҮН КЛУБУН, билим алып келгиле деп чет ѳлкѳлѳргѳ жѳнѳтүп, ошолорду финансылап турса сонун болбойт беле? Жети облустан БИЛИМДҮҮЛѲРДҮН ЖЕТИ КЛУБУН түзүп, аларды илимдин жети тармагына багыттап, чет ѳлкѳлѳрдѳн билимге сугарып келип, ѳнүкпѳй жаткан ѳлкѳбүздүн аймактарына кое берсек, эмне деген “түшүм” алат элек эмгиче... Балким эми деле кеч болбос.


Азыркы күчтүү манасчылардын бири болгон Улан Исмаилов аттуу кѳлдүк иним бар. Кѳлдүн эми ѳспѳйт деген жерине экѳѳбүздү айдап салса да дүр этип ѳнүп кете турган касиети бар эмеспи. Ошол Улан азыр гектарлаган жерге жемиш тигип, Израилдин ыкмасы менен тамчылатып сугарып, тоодой иштерди жасап жаткан кези. Күпүлдѳп Манас айтып, буркан-шаркан түшүп, энергиясы жээгинен да, ээгинен да ашып-ташып кеткен кездери Улан иним “ракета жасап салбайлыбы, аба?” деп жиберет. Эми Улан тууралуу кийин кеп салалы...


Аттиң-ай! Кыргыздын бейиштей жеринде КОРЕЙ бизнесмендер, ДУНГАН бизнесмендер, ОРУС бизнесмендер бирин-бири талап-тонобой эле татынакай байып жаткандарын, алтургай булардын жанында биздин Бабановдор менен Салымбековдордун байлыктары суу кечпей каларын айткандар бар.



А биз--кыргыздарчы?
Кыргыздар бирибизди аңдый бергандин, бирибизди бирибиз жыга чаап, камай бергандин, талай бергендин ордуна, бири-бирибизди колдоп, буттан таяп, колдон тартып, канча кылымдан бери чыкпай келаткан аңгектен чыгып кетсек болбойт беле, улам бир күндү жакшылыкка айлантып...


“Атаганта, Салымбековдун клубунун балдары космостук ракета жасаптыр!

Матраимовдун клубунун балдары Кетмен-Тѳбѳгѳ Кыргызстандын “Манас” деген жаңы борбор шаарын куруптур!

Бабановдун клубунун балдары Ысык-Кѳлдүн дал ортосуна туристтик шаарча салыптыр!” деп мактанып турган, даңазалап жазып турган күн келээр бекен? Келсе экен!..


Шайлообек Дүйшеев

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Ахун
Ли Кундар Манас, Чынгыз чыккан элибизде чекеден чыгат, ошол аты жаман короалбастык оорудан арыла алсак. Бар болсо коро албайт, жок болсо бере албаган же оз агасын агалай албаган, башка бироого сагалаганн кор пенде эл экенбиз, Элибиздин, жерибиздин бутундугун, мамлектибиздин экономикасын осуп онугуусун тилеп копчулук эл алардын катарында мен дагы келечек учун Садыр Жапаровдон чоон умут артып турам. Ылайым эле элибиздин умуту кабыл болуп президент болуп шайланып, эл ишеничин актагандай бол. Комментарии
Таа
10январда татыктуусун тандап ала албаса елдин оз шору.Тандашка деле кудурет жетпейт го