Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 11:53
USD
87.30
87.80
EUR
95.80
96.80
RUB
1.000
1.040

Райымбек Матраимовдун өкүл баласына карата козголгон иш жабылды

10.08.2021 16:51
1151
Райымбек Матраимовдун өкүл баласына карата козголгон иш жабылды

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Мунарбек Сайпидиновдун иши Ош шаардык сотунун токтому менен өндүрүштөн токтотулган. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз катчысы билдирди.


Маалыматка караганда, Ош шаардык сотунун 21-июндагы токтому менен Мунарбек Сайпидиновдун ишинин мөөнөтү бүтүп, өндүрүштөн токтотулган.


Буга чейин Мунарбек Сайпидинов 11-январда УКМК тарабынан кармалган. Ал Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча айыпталган. Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда аткарылган иштердин көлөмү 1 млн сомго көп экени аныкталган. Айыл өкмөт башчысы башка жооптуу адамдар менен биргеликте сапатсыз бүткөрүлгөн бул объектти эксплуатацияга кабыл алган.


Булак: "Турмуш"

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Адишов Мунар
Мыйзам чегинде жоопко тартылды бекен