Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 14:19
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды

25.06.2024 13:37
204
Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды


Сот Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн узартты.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Биринчи май райондук сотунун 2024-жылы 24-июндагы токтому менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөөчүсүнүн арызы канаттандырылды.

Ошентип, айыпталуучунун камактагы мөөнөтү тергөө учурунда, башкача айтканда 2024-жылдын 26-августуна чейин узартылды.

Буга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Р. Матраимовго карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 169-беренеси ("Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу") жана 222-беренесиндеги ("Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" белгилери боюнча кармалганын билдирген.

Кармоо иштери 25-мартта Азербайжандын аймагында жүргүзүлүп, аны менен кошо бир туугандары Тилек Матраимов, Руслан Матраимов, Исламбек Матраимовдор дагы кармалган.

Белгилей кетсек, Райымбек Матраимов жок кылынган "мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбек (Көлбаев) менен тыгыз байланышта болгон жана бажы кызматынын кызматкерлеринен жана мамлекеттик ишмерлерден турган кылмыштуу топ түзгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн