Бугу 03, 2024
Убакыт: 21:36
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды

23.04.2024 10:26
114
Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтү узартылды


Сот Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун камактагы мөөнөтүн узартты.

Соттун басма сөз кызматынан билдиришкендей, Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 22-апрелиндеги чечими менен УКМКнын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылган.

Айыпталуучу М.Р.Ы. карата камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын колдонуу тергөөнүн мөөнөтү аяктаганга, башкача айтканда, 2024-жылдын 26-июнуна чейин узартылды.

Буга чейин УКМКдан билдиришкендей, Райымбек Матраимовго карата 169-берене (эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу) жана 222-берене (кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) белгилери боюнча кылмыш иши жүрүп жатат.

Ал 25-мартта Азербайжандын аймагында кармалып, Кыргызстанга алынып келген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн