Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:20
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Раззаков шаарында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун эстелиги ачылды

30.10.2022 08:04
769
Раззаков шаарында мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун эстелиги ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусунун Раззаков шаарынын борбордук аянтында мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Исхак Раззаковдун эстелигин ачуу аземине катышты.


Министрлер кабинетинин башчысы Исхак Раззаковдун мамлекетибиздин түптөлүшүнө жана өнүгүшүнө кошкон зор салымын белгиледи.


«Кыргыз Республикасынын Президентинин Исхак Раззаковго болгон урмат-сыйы терең. Сиздерди Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Министрлер Кабинетинин атынан улуу мамлекеттик ишмердин 112 жылдык мааракеси менен куттуктайм», - деди ал.


Министрлер Кабинетинин башчысы Исхак Раззаков экономика, мамлекеттик пландоо, агартуу тармагында иштеп, советтик жетекчи катары өзбек элине кызмат кылганын белгиледи.


«Биздин Өзбекстан Республикасы менен жакшы мамилебиз бар, туризм өнүгүүдө. Мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо процесси аяктап жатат», - деп кошумчалады ал.


Акылбек Жапаров мамлекеттик ишмердин масштабдуу долбоорлорду ишке ашырууга кошкон баа жеткис салымын баса белгиледи. Тактап айтканда, Чоң Чүй каналынын, суу топтоочу жайдын жана плотинанын курулушу, республикадагы биринчи ГЭС – Үч-Коргон ГЭСинин курулушу жыйынтыкталган.


«1951 — 1955-жылдары республикада 48 жаңы өнөр жай ишканалары ишке киргизилген. Мисалы: Фрунзедеги жип ийрүү-токуу фабрикасы (камволдук комбинат), Аламүдүн ГЭСи, Ош жана Кызыл-Кыя шаарларындагы кирпич заводдору, Кыргызстандын тоо-кен комбинаты, Кара-Суу май комбинаты). 1950-жылдардын экинчи жарымында 21 өнөр жай ишканасы жана 50ге жакын цех иштей баштаган. Алардын ичинде Токтогул ГЭСинин долбоору, Фрунзе шаарындагы ЖЭБ курулушу, Октябрдын 40 жылдыгы атындагы кийим тигүү фабрикасы, Нарын шаарындагы нан комбинаты, Көк-Жаңгактагы Сары-Булак көмүр шахтасы, Орто-Токой, Наманган, Төмөнкү Ала-Арча суу сактагычтарынын курулушу бар.


Республиканы жетектеп турганда Төрт-Көл, Папан, Киров, Базар-Коргон суу сактагычтары иштей баштаган. Бишкек ЖЭБинин курулушунун негизги иштери 1958-жылы башталган», - деди ал.


Министрлер кабинетинин башчысы Исхак Раззаковдун “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деген сөзүн келтирип, мамлекеттик органдардын жетекчилерин элдин кызыкчылыгы үчүн таза иштөөгө чакырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн