Баткен облусундагы И.Раззаков атындагы аэропорт кадимки тартипте иштөөдө. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Тимур Аскаров билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын бардык аэропорттору штаттык режимде иш алып барууда.
“14-17-сентябрдагы куралдуу кагылышууда Раззаков атындагы аэропорт жабыркаган эмес. Каттамдар жумасына эки жолу (шаршемби жана ишемби күндөрү) аткарылууда”, - дейт ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн