Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:31
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Раззаков шаарынын мэриясында ысырапкерчиликке бөгөт коюу маселеси талкууланды

17.08.2022 17:08
701
Раззаков шаарынын мэриясында ысырапкерчиликке бөгөт коюу маселеси талкууланды



     2022-жылдын 17-август күнү Раззаков шаардык мэриясынын чоң залында шаардагы мечиттин имамдары, аксакалдар кеңешинин төрагалары, аялдар кеңешинин төрайымдары, айыл башчылар катышкан чоң жыйын болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдын Басма сөз кызматы билдирди.


Жыйынга шаар мэри Чынгыз Рысов, Лейлек РИИБнин начальнигинин орун басары милициянын майору Улукбек Хажиканов, жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышты.


      Жыйында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун каада-салттардагы ысырапкерчиликтерди азайтуу багытында чыккан Жарлыгы жеткирилип, шаар тургундарынын салтанаттуу кечелерге кетирилген чыгымдарды жоюуну, үрп адаттарда, каада-салттарда ашыкча эле атаандашып ашыкча чыгымдар келтирилгени айтылды. Ошондой эле шаарда ар бир үй-бүлө бардар жашабастан, колунда жок жашаган үй-бүлөлөр карызга батып калгандыгын боюнча талкуулар болду.


     Жыйындын соңунда жергиликтүү тургундарга бул багытта түшүндүрүү иштери толук кандуу алып барылары эскертилди.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн