Улут жана регион аралык кастыкты козутууга шектелип Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбеков кармалды. Бул тууралуу 24.кг агенттиги өздүк булактарына таянып кабарлады.
Ал бир күн мурун суракка алынып, андан соң КР Кылмыш-жаза кодексинин «Улуттар аралык же региондор аралык кастыкты козутуу» беренеси боюнча кылмышка шектелгендиги тууралуу билдирүү менен келген. Акбөкөн Таштанбеков УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Эске сала кетсек, Ысык-Ата округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Акбөкөн Таштанбековго кылмыш иши козголгон.
Социалдык тармактарда арыз ээси башка улуттагы адамды коркутуп жаткан видео тараган. Фейсбуктун колдонуучулары аны улуттар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн жазалоону талап кылышкан.
БШК Акбөкөн Таштанбековду жоопкерчиликке тартууга макул болду.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн