Бугу 19, 2024
Убакыт: 20:32
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Өлкөдө 42 судьялык штат кыскарып, орун которуу сунушталды

14.05.2020 16:09
952
Өлкөдө 42 судьялык штат кыскарып, орун которуу сунушталды


Бүгүн, 14-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды.  


Мыйзам долбоору боюнча конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы, депутат Канат Керезбеков баяндама жасады.


Мыйзамдын максаты болуп кээ бир жергиликтүү соттордогу судьялардын штаттык бирдигин кыскартып, ошол эле учурда кээ бир сотторго кошумча штаттык бирдигин киргизүү жолу менен жергиликтүү соттор арасындагы иш жүктөмүнүн теңсиздигин жоюу жана сот адилеттигин жүзөгө ашырууну жакшыртуу болуп эсептелинет.


Республика боюнча 37 райондук (шаардык) жана облустук соттордон 42 судьялык штат бирдиги кыскарып, алардын иш жүктөмү 9 райондук (шаардык) жана Бишкек шаардык сотуна которуу сунушталат. 


Алсак, Бишкек шаардык сотуна – 3, Ленин райондук сотуна – 4, Биринчи май райондук сотуна – 14, Октябрь райондук сотуна – 2, Свердлов райондук сотуна - 2, Ош шаардык сотуна – 9, Кара-Суу райондук сотуна – 2, Аламүдүн райондук сотуна – 4, Жалал-Абад шаардык сотуна – 1, Сузак райондук сотуна – 1 судьялык штат бирдиги берилет.


Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн