Бир сутка
ичинде коронавирус инфекциясынан республика аймагында 6 бейтап каза болду. Бул
тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык
башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Маалыматка ылайык, каза болгондордо коронаврус инфекциясынан сырткары өнөкөт оорулары да болгон.
Каза болгондор:
1. Кыргыз-Түрк
достук ооруканасынан – 1 (эркек, 90 жашта);
2. Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аялдар – 70, 69 жашта);
3. Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 2 (эркектер – 49, 53 жашта);
4. Нарын облустук ооруканасынан – 1 (аял, 61 жашта).
Жалпы каза болгондордун
саны 122 кишини түздү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн