Бугу 02, 2024
Убакыт: 11:33
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.965

Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында карантиндик режим алынды

14.09.2020 09:22
974
Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында карантиндик режим алынды


Бишкек шаарындагы Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында карантиндик режим алынып, бейтаптарды кабыл алып башташты. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдан билдиришти. 


Маалыматка караганда, мындай чечим өлкөдөгү COVID-19 боюнча эпидемиологиялык абалды эске алуу менен калкка өз убагында сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатында кабыл алынган.


«12-сентябрдан баштап аталган оорукана инфекциялык көзөмөлдү жана эпидемияга каршы иш-чараларды катуу сактоо менен өзүнүн профили боюнча бейтаптарды дарылоону баштады.


Этиологиясы белгисиз болгон пневмония жана коронавирустук инфекция менен келген бейтаптар, анын ичинде балдар дагы Кыргыз-Түрк достук ооруканасына жаткырылат», - деп айтылат билдирүүдө. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн