Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 03:00
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Республиканын айрым аймактарында жаан жаайт, - 12-июнга карата аба ырайы

12.06.2020 09:21
967
Республиканын айрым аймактарында жаан жаайт, - 12-июнга карата аба ырайы


Бүгүн, 12-июнда Кыргызстанда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттигинен билдиришти.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Жалал-Абад облусунун тоо этектериде жана тоолорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 813, күндүз 2328;

Талас облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 2227;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1217, күндүз 2530;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 712, күндүз 1823;

Нарын облусунда түнкүсүн 510, күндүз 1722;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3-8, күндүз 38 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 1113, күндүз 2527 градус болот.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн