Токио-2020 Олимпиада оюндарынын коло медаль ээси, күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты - 2021 турниринин алтын медалынын жеңүүчүсү Мээрим Жуманазарова бүгүн Москва шаарында килем үстүнө чыгат. Бул тууралуу улуттук күрөш федерациясынан кабарлашты.
Мээрим Жуманазарова "Гран-при Кубок АЛРОСА" алкагында россиялык балбан кыз Ханум Велиева менен күрөшөт.
Күрөш бүгүн Бишкек сааты боюнча 00:30да башталат.
Эскерте кетсек, Дүйнө чемпионатында Мээрим Жуманазарова Велиеваны утуп финалга чыккан. Ал эми Велиева коло медаль уткан.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн