Кызыл-Кыя шаарында жаш өспүрүмдөрдү коркутуп телефдорун тоноп жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, “Притон” оперциясында Кызыл-Кыя шаарындагы жаш өспүрүмдөрдүн кол телефонун коркутуу жолу менен тартып алып жүргөн жаран кармалды.
Шаар аймагындагы 2 ата-эне балдарынын кол телефонун белгисиз атуул коркутуп тартып алып койгондугун билдирип арыз менен кайрылган.
Жогорудагы 2 факт Кызыл-Кыя ШИИБнин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 206-беренеси (Тоноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Кылмышка шектүү Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын тургуну 20 жаштагы Т.Б. Кызыл-Кыя шаарынан аныкталып кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Тонолуп алынган кол телефондор өз ээлерине кайтарылып, тергөө иштери жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн