Бугу 21, 2024
Убакыт: 15:54
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Режеп Тайип Эрдоган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча эмне деди?

09.06.2021 22:03
1222
Режеп Тайип Эрдоган кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча эмне деди?

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган апрель айынын этегинде кыргыз-тажик чек арасында болгон жаңжал түрк элин да кайгыга салганын билдирди.


Бул тууралуу ал 9-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйында айтты.


"Эки бир тууган өлкөнүн ортосунда чыккан бул көйгөй бизди да кайгыга салды. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып каза болгондордун жакындарына көңүл айтам. Эки өлкө сабырдуулук менен бул маселени чечип алганына кубандык. Эки кошуна мамлекет мындан ары да көйгөйлөрдү тынчтык жолу менен чечет деген үмүттөбүз", -деди Эрдоган.


Мамлекет башчылары жолугушууда кыргыз-түрк эки жана көп тараптуу кызматташуунун абалы менен келечегин, соода-экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү байланыштардын актуалдуу маселелерин талкуулашканы кабарланды.


Булак: "Азаттык" үналгысы

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн