Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 07:48
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Рита Карасартова: Шайлоо сонун өттү, сонун. Жыйынтыгы абдан жакшы... (маек)

14.04.2021 11:35
1753
Рита Карасартова: Шайлоо сонун өттү, сонун. Жыйынтыгы абдан жакшы... (маек)


Саясий илимдер боюнча эксперт Рита Карасартова “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек куруп, жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жүрүшү тууралуу айтып, андагы мүчүлүштүктөргө токтолду. Ал алыс барбай эле, Бишкек шаардык кеңештин мисалында бул жолку өнөктүк кайра эле мурдагы ыкма менен өткөнүн белгилеп, шайлоодо бийликчил партиялар оппозициянын дагы, бийликтин да ролун аткарса, борбор калаа кандай образда өнүгөөрүнө тынчсызданды.

- Жергиликтүү кеңештерге шайлоо кандай өттү?

- Сонун өттү, сонун... Жыйынтыгы абдан жакшы. Бийлик рулду башкарды, баары жакшы.

- Чын эле айтасызбы?

- Чын эле.

- Анда шайлоо таза өттү, эркин добуш берүү болду дегенге кошуласызбы?

- Сиз өзүңүз оппозициялык күчтөр БШКга келдиби деп эсептейсизби?

- Мурдагыдай күчтүү оппозиция бар деп айта албайм.

- Көрдүңүзбү, “оппозиция жок” дегендик, бийликке жалаң бийликчил партиялар келишкенин айтып турат. Кечээ Салымбеков, Түлеев жана Суракматовдун дароо сүйлөшүүгө барышканы – үчөө коалиция түзө турганынан кабар берип жатат. Бул президент Садыр Жапаровду карай турган тарап болот. Ал эми катарында биз билбеген адамдар жүрүп, бирок жеңишке жетип келишкен, акчалуулар жактан каржыланган “Ынтымак”, “Биздин эл” жана “Ата Журт” партиясы оппозицияда болушат. Ошондо алты партиянын үчөө Жапаровдуку, үчөө Ташиевдики болуп, экөө коалициянын жана оппозициянын “ролун аткарышат имиш. Анан кантип ачык-айкын оппозиция чыгат. Мына биздин Бишкек ушундай нукта өнүгөт экен. Бийликке бийликтин аркасы менен келип жатышса, демек бизге ушундай бийлик ылайыктуу. Калган жыйынтыкты өзүңүздөр чыгарсаңыздар болот.

- Эл кандай кабыл алып атат деп ойлойсуз?

- Өз каалоосу менен чыныгы добуш бергендер өздөрүн алданып калгандай сезип жатышат. Кечээ эрте менен бир айым чалып, “ыйлагым келип жатат, ушундай да болмок беле” деп, нааразы болду. Менин балдарым дагы миграция тууралуу ойлонуш керек, Кыргызстандын келечеги болбой калды окшойт деп чычалашты.

- Шайлоодо бийликчил партиялар утуп келип, мурдагы эле көрүнүш кайрадан кайталанды дегениңизби?

- Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо 120 “чимкириктин” 86сы кайрадан эле өтүп келе береби деп, ошол үчүн революция болгон да. Азыр деле ошол көрүнүш, бирок Садыр Нургожоевич абакта отурду, жоготууларга учурады, бир топ жабыр тартты деп, нормалдуу көрүнүш катары сыпаттап жатышат. Жини келгендер да бар, мисалы, Салымбековдорго. Алар Садыр Жапаровдун “батасы” менен келгенин, президент тараптык боло турганын азырынча түшүнүшө элек. “Добуштарды акчага сатып алышты”, “кайра эмне эскилер келишет”, деп жаткандар бар. Бирок булар факты жүзүндө бийликти жактай турган партия болушат.

Мисалы, Атамбаев 2015-жылкы парламенттик шайлоодо эмне кылды эле? Партиялардын катарынан депутаттыкка өтө турган ар бир тизмеге ар бир талапкерди өзү көзөмөлдөп киргизип турган. Үнү катуурак чыкса, тизмеден алып салгыла деп отуруп, өзү түзгөн “чимкирик” парламент кийин кайра өзүнүн башын жеди. Учурда минтип абакта отурат. Азыр да акырындык менен ушундай абал кайталанып калышы ыктымал. Бир гана өкүнүчтүү нерсе, алардын коррупциясынан, бири бирине болгон бут тосууларынан мамлекет алдыга жылбай, бир орунда турат. Ал эми мээси иштеген жаштар, келечекке караган балдар чет өлкөгө чыгып кетиш керек деп калышты.

- Жакшы үмүт кыла баштаган жаштарды кайрадан ойго салдыбы?

- Ооба, ишкерлер Кыргызстанга бизнес курбагыла, кереги жок деп ачыктан-ачык айтып жатышат. Мисалы торт чыгарып, 700 кишини иш менен камсыз кылган ишкана бар экен. Ошону эле жаап салсынчы 700 жумушчунун үй-бүлөсү айлык жок калат. “Таксим” кафесинин ээси мына жакында эле кетип калды, ал жердеги канча деген официант жумушсуз калды. Мындан тышкары, спекулянттардын түйүнүн жабышты. Ар бир бизнестин артында жүздөгөн жумушчулар бар да, алар ишсиз калып атат. Мына ошондуктан жаштар ойлоно башташты.

- Ушундайлардан тажаган эл революция жолу менен бийликтегилерди алмаштырат, жаңы үмүттөрдү кылышат, күтүшөт. Бирок болбой эле кайра эле минтип биринин кейпин бири кийип, баары кайталана берет. Буга эмне күнөөлүү, системабы же коомбу?, себеби эмнеде?

- Биздин, бир дагы өңүккөн мамлекеттерден эч кандай айырмабыз жок. Тескерисинче, эң демократиялуу ыкмалар кыргызда болгон. Байыртан эле башка элдер парламентти биле электе, биздин эл Курултайды куруп, добуш берүү аркылуу өздөрүнүн мыкты деп эсептелген өкүлдөрүн ошол Курултайга жиберип, маселелерин чечишкен жана иштешкен. Эч качан бир хандын алдында баш ийип калган эмес.

Бүгүнкү күндө дүйнөлүк трент бар: “Элди оңой башкаргың келсе, билим берүүнү төмөндөт, каржылоону бир аз кысып кой” деген. Ошондо билими төмөн, акчасы аз болгон эл каалаган жакка бурсаң, ошол жакка ага берет. Мына ар бир айыл өкмөттөр шайлоонун алдында бир нерсе жасап алайын дейт. Мисалы, Нариман Түлеев, Азиз Суракматов көпүрө салып койсо, магистраль салса өз чөнтөгүнөн салып койгондой сүйлөшөт. Кварталдык комитеттер менен алдын ала иштеп коюшат, алар барып элдерге: бизге муну жасап берди го, ошол кишиге добуш беришибиз керек деп элди ошого үгүттөшөт. Бирок ошол жумуштар өзүбүздүн акчабызга жасалганын түшүнүүгө билимибиз жетпей жатат. Азыркы тапта билим берүү абдан төмөндөдү. Элдер кечээки эле болуп аткан окуяга талдоо жүргүзө алышпайт. Анан каржылоо жетишпейт. 2020-жылы эн чоң каржылоого Кара-Суу менен Ноокат району кирди. Ал жакта Талас облусунан дагы көбүрөөк эл жашайт экен. Көп эл жашаган жер экономикалык кирешелүү аймак болуп саналат. Анткени, нан жасасаң да көп өтөт, мал сатсаң да көп өтөт, ошондуктан бизнес жакшы өнүгөт. Кара-Суу районунда эң чоң базар бар экенине карабай, республикалык бюджеттен жардам кетип жатканын элестетсеңиз? 2020-жылы башка аймак албаган акчаны Каржы министрлиги ошол Кара-Суу элине “ыргытып” койгон. Анткени, аларга көп добуш керек. Мына ушундай бийликти мен өзүм тандабадым беле деген киши жок, көп адам күнөөнү башкага оодарганды жакшы көрүшөт.

- Мурдагыдай сырттан сындабай, ичинде аралашып иштейбиз деген ниетиңиз менен Бишкек шаардык кеңешине депутат болуп барууга ат салыштыңыз, бирок өтпөй калдыңыз. Шансы көп бийликчил партиялар менен деле барсаңыз болмок беле?

- “Адилеттүү Кыргызстан”, “Асман Ала-Тоо” жана “Реформа” деген үч партия биригип, чүчү кулактын негизинде “Реформанын” желеги алдында шайлоого аттанганбыз. Биз шайлоодо жаңы саясий маданиятты көргөздүк, биригиш керек дедик. Биздин катардагылар абдан ойлонуп барган таза адамдар болуш керек. Анткени, бийликти катуу сындайбыз, оппозицияда болобуз, кийин өзүңө залакасы тийип калбасын деп кылдат тандоо болду. Анткени, биз менен барууда аркасы таза эмес кишиге абдан кооптуу эле. Арабызда бир бала бар - 2007-жылы Бакиев президент болуп турган убакта губернатор болгон кишинин күйөө баласы экен. “Баласы атасына жооп бербейт” деген заман болуп атканда, 15 жыл мурунку болгон нерсеге “кайнатасы баланча эмес беле, Бакиев менен чогуу болчу” деп да чыгышкандар болду. Ушул сыяктуу же башка арты таза эмес адамдар келгенде туура түшүндүрүп, кутулууга аракет кылдык. Дароо эле бийликке жетүү максат эмес. Мен деле 7 ай мамлекеттик кызматта жүрдүм. Ошол учурда эмнени түшүндүм, эгерде бийликтин реформа кыла турганга ниети жок болсо, ал жерден эч нерсе кыла албайсың. Дароо бийликке жетүүнүн аракетин кылып, булганган адамдар менен биригүү дагы, же болбосо акчанын күчү менен жетип баруу дагы биздин максатыбыз болгон эмес.

- Анда мурда-кийин булганбаган, иштеп беребиз деген таза ниеттеги адамдарды кантип өткөрөбүз. Анда алар эмненин күчү менен келиши керек?

- Шайлоодо көбүнчө квартал башчылары аркылуу элге акча сунуш кылып, добуш сатып алуу жолу менен өтүп жатышат да. А биздин катарыбыздагы Гарвард, Оксвордду бүтүп келген балдар. Андайларды көргөндө абдан таң калышат – ушул кантип болсун, добуш сатып алат деген эмне дешип. Бүгүнкү саясат акчалуулардын заманын көргөзүп жатканын көрүп өкүнүшөт. Болбосо эл партиялардын чыныгы программаларына карап добуш берген жок. Мисалы, Ош шаардык кеңешинде биринчи орунду камсыз кылган “Ата Журт” партиясы биздин программаны так өзүндөй көчүрүп алыптыр, үтүр, чекитине чейин эч өзгөрүүсү жок, такма так. А биз аны канча күндөп, түндөп, кеңешип жазган элек. Биз ал үчүн эч нерсе деп айткан жокпуз, болгону шылдыңдап койдук, мейли эми жок дегенде биздин программа бийликке жагыптыр, ишке ашырса болду деп. Башка эмне дейбиз.

- Байлар акчанын күчү менен өтүп кетип жатышат деп атпайсызбы, акчасы жоктор, чай бере албагандарга өз программалары менен элди тааныштырууга, ынандырууга 1 айлык үгүт иштери жетишсиздик кылбайбы?

- 1 ай бир четинен аздык кылат. Америкада болсо шайлоого жарым жыл калганда эле башталат. Элдерди кыдырып, бул убаданы бергем, муну аткарам деп элге жакын болушат. Кыргызстанда керек болсо мамлекеттик телеканалдар эфир үчүн 10-15 гана мүнөт берип кысып коюшат. Дебатты дагы кызыктуу өткөрүп бере алышпайт. Элге айтып, кагаз тарата берсең андан да тажап калат экен. Ошентип, элдер “баары эле бири-бирине окшош да андан көрө пакетин алып балдарыма тамак кылып берип коёюн” деп ошол ыкмага өтүп алышкан.

- Утулдук, болду эми деп отуруп калбасаңыз керек, алдыда кандай пландарды коёсуз?

- Жок, токтоп калбайбыз. Финансылык абалыбызды чыңдайбыз деген ой бар. Анткени, шайлоодо ар бир баскан-турганың акча экен. Буга чейин саясий фандрайзинг өткөргөндө 5-6 млн сом элден чогулуп, баары эле жакшы болду. Бирок элге жакшы түшүндүрө албай жатабыз. Өткөндө кафеде отурсак, элден акча чогултуп алып кафеде отурушат деп чыгарышты. Туулган күндө өзүбүздүн акчабызга тамактанып, эс алууга укугубуз бар да. Ал эми элден чогулган акча саясий өнөктүккө жумшалды. Ошондуктан, биринчиден туруктуулугубузду жана финансылык абалыбызды чыңдайбыз, экинчиден, элге агартуу иштерин жүргүзөбүз, үчүнчүдөн, элдин аң сезимин өзгөртүп, туура нукка салууга аракетибизди жумшайбыз.

- Бул кандай форматта болот? Элди кыдырыппы же кандай?

- Мен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча экспертмин. Буга чейин деле мыйзамдарды сакталышы боюнча жардам берип келгем, дагы деле ушул иштеримди улантып, кайрылган элге биздин сайт аркылуу мыйзамдык жактан жардам бере берем. Нормалар, мыйзамдар бузулган учурда жергиликтүү бийликтен талап кылып, маалымат жыйындарды өткөрүп, жогорку бийликке жеткирип дегендей. Мындан тышкары, социалдык тармактардагы баракчаларым аркылуу түз эфирлерге чыгып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, суроолорго жооп берем. Ошентип акырындык менен коомдун оңолушуна салымымды кошо берекчимин.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн