Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 23:40
USD
88.80
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.940
0.965

Рита Карасартова: Өнүгөлү десек бийликти борбордоштуруудан ажыратуу керек

23.03.2021 11:12
858
Рита Карасартова: Өнүгөлү десек бийликти борбордоштуруудан ажыратуу керек


Саясий илимдер боюнча эксперт Рита Карасартова “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигине маек берип, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо кампаниясынын жүрүшү, андагы айырмачылыктар тууралуу кеп козгоду.

 

- Бул жолку жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо эмнеси менен айырмаланып жатат.


- Эгер мыйзам боюнча карай турган болсок, жакында боло турган шайлоо жергиликтүү бийликке мандаттарды резервдөө менен коштолуп жатат. Бул эмнени билдирет? Эгер айылдарда элдер жалаң мырзаларга добуш берсе дагы, резерв менен 30 пайыздан кем эмес айымдар дагы келгенге милдеттүү. Эгерде айымдар мырзалар менен тең тайлашып өтө турган болсо маселе жок. Керектүү добуштары аркылуу мырзалар менен чогуу өтө беришет. Кээ бир айылдарда “Алтын баштуу аялдан бака баштуу эр жакшы” деп шайлабай койгон учурлар болот. Ошондой болсо дагы 11 мандаттык жергиликтүү кеңештин жетөөсү мырза, төртөө сөзсүз айым болгудай резервдөө менен келе жатат. Мен ишенем, мурунку шалоолордо балким резерв менен келген айымдар болсо, кийинки шайлоодо сөзсүз төрдө элдин ишенимдүү, өзүнө берилген добушу менен келишет деп. Бул шайлоонун өзгөчөлүгү ушунда. Саясий абалдан карай турган болсок, сыноого мезгил келип жетти. Биз талдаганга, бир нерсенин эсеп-кысабын чыгарып, жасаган ишинин жыйынтыгын көрүп туруп шайлаганга даярбызбы же тууган-уруктарга карап, же чайын ичип, акчасын алып шайлайбызбы деген маселени түшүнүү. Мисалы, Бишкек шаардык кеңешин мурда кимдер башкарганын журналисттик иликтөөлөрдөн азыр эл жакшы эле билип атат. Бирок азыр бийликте камырабай отурам деп эч ким өзүнө кепилдик бере албайт деп ойлойм. Анткени, эл бийликке бат эле алып келип, кайра бат эле алып түшкөнгө дарамети жетет. Чечкиндүү, системдүү маселе чечилбесе, аларды бат эле алып түшүү Кыргызстанда көйгөй жаратпайт деле. 


- Талапкерлердин арасынан мурдагы же азыркы чиновниктердин балдары жана кыздары ат салышып жатканын аябай көп кездештирүүгө болот. Бул эмнеден кабар берет?


- Азыр жаңы партия деп элди алдап, жаш партия түзгөнү менен балдарын катыштырып жатышат. Мурда бийликте жүргөн киши эч качан бийлигин колунан чыгаргысы келбейт. Өздөрү карып калса дагы, балдарын жанталашып катыштырып жатканы – бийликтен ажырагысы келбей жатканын айгинелейт. Алар мындай аракеттери менен мамлекетти жалпы тунгуюкка кептеп жатышканын өздөрү түшүнбөй жатышат. Эгерде бизге чынчылдар келип, ачык-айкындуулукту алдыга салып келе турган болушса, Кыргызстан өнүгүп-өсүп алдыга кете турган мамлекеттердин бири. Ага толук шарт бар.


- Ошол эле маалда арасында татыктуу талапкерлер барбы?


- Албетте бар. Элдер өз каалоолоруна жараша татыктуу тандоо жасайт деп ишенем.


- Мамлекет шайлоону таза өткөрүп берүүгө шарт түзүп берип атабы?


- Жок. Анткени, мамлекет деген бул – адамдар. Адам бир жолу бийликке келгенден кийин кийинки эле максаты – кайра кантип бийликте сакталып калам дейт экен. Реформалардын жүрбөй жатканы да ошондон. Ар бир келген бийлик кийинки бийлигин ойлоп атып, чечкиндүү маселелерди чечкиси келбейт. Өнүгүүгө алып бара турган маселелер борбордон ажыратуу, вертикалды талкалоо. Мисалы, ар бир мектеп, ар бир айыл өкмөт, ар бир облус өз алдынча өнүгүшү керек. Бул өнүгүүгө алып келе турган схема. А бийлик болсо “апей булар өз алдынча өнүгүп кетти, бизди укпай калат да. Булар мени эле угуп турушу керек” деп борбордошо баштайт. Азыр Баш мыйзамды дагы бир эле киши чечсин деп президенттик башкаруу формасына алып келип атышат. Бул дагы бийликтин табигаты. Баарын мен тескейм, мен оңдойм, баары мени угушу керек деп. Баарын тескөөгө анын мүмкүнчүлүгү жок да. Бүгүнкү аалам алмашып жаткан учурда керек болсо ар бир адам өз алдынча лидер болууга укуктуу, өз алдынча уникалдуу. Алдыга жылсын деп турган доордо тескерисинче 30-40 жыл мурунку инструменттерди кайра колдонууга бараткандары – ааламдын кайсы жакка баратканын билбегендигин айгинелейт. Ошондуктан мамлекет ар бириңер өнүккүлө деп баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек. Азыр тескерисинче, мурдагы бийликтегилер жаш партияларды ачып, балдарын кошуп ийишти, ар бир жаш партиянын алдыңкы тизмеси менен кирип келчүдөй болуп, кайра эле баягы система кайталанып калгандай сезилет.


- Элдин шайлоого катышуу активдүүлүгү канчалык болот деп ойлойсуз?


- Президентти же парламенттин депутаттарын шайлоого караганда жергиликтүү кеңешти шайлоого келгендер активдүү болушат. Себеби, ар бир айылдан талапкерлер чыгыт, дос-туугандары болот дегендей. Анан аларды колдоп кой деп бири-бирин чакырыктар болот. Конституцияда жазылган, бийликтин булагы – эл. Күндө эле эл булак боло бербейт да. Бийлик шайланып алгандан кийин билгенин кылып алышат. 4-5 же 6 жылда бир болгон шайлоодо эл өзү деле бийлик катары өз бийлигин колдонуп алууга укуктуу. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн