Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Россия 10 кыргыз жаранын Ооганстандан эвакуациялады

26.08.2021 10:55
388
Россия 10 кыргыз жаранын Ооганстандан эвакуациялады

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги КР жарандарын Афганистандын аймагынан эвакуациялоо боюнча аткарып жаткан жумушу тууралуу маалымат таратты.


ТИМдин маалыматына ылайык, Афганистандагы туруксуз кырдаалга байланыштуу, КР ТИМинин президент Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында Кыргызстандын жарандарын Афганистандан эвакуациялоо боюнча иштерди улантууда.


Кыргызстан менен Россиянын Тышкы иштер министрлеринин ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында, россиялык тараптын көмөгү менен атайын авиабортту уюштуруунун натыйжасында 2021-жылдын 25-августунда Афганистандан 10 кыргызстандык, алардын ичинде жашы жете элек балдар "Кабул-Кант" каттамы боюнча алынып келинди.


Ошону менен, 2021-жылдын 25-августуна карата Афганистандан КРнын 36 жараны эвакуацияланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн