РФнын колдонуучулардын укуктарын коргоо жана жарандардын бакубаттыгын көзөмөлдөө боюнча федералдык кызматы (Роспотребнадзор) Евразиялык экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) жана Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин мүчө-өлкөлөрүнө коронавирусту аныктоо үчүн колдонулган каражаттарды кайтарымсыз берүүдө. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.
“Федералдык кызмат ЕАЭБ жана КМШ мамлекеттерине жаңы 2019-nCoV коронавирустук инфекциянын кирүүсүнүн алдын алуу максатында колдоо катары лаборатордук текшерүү үчүн атайын каражаттарды берүүдө”, - деп айтылат мекеменин маалыматында.
1-2-февраль күндөрү Арменияга, Казакстанга, Беларусияга жана Өзбекстанга жаңы 2019-nCoV инфекциясын аныктоо үчүн россиялык тест-системалар жѳнѳтүлгѳн. Жакында Кыргызстан менен Тажикстанга жеткирүү күтүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн