Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:32
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Россияда акча которууга чек коюлду

17.05.2022 11:00
981
Россияда  акча которууга чек коюлду

Россиянын Борбордук банкы жеке адамдар үчүн сыртка акча которуунун жаңы чегин белгиледи. Тиешелүү билдирүү банктын сайтына жарыяланды.


Календардык айдын ичинде россиялык  банктагы эсебинен өзүнө же чет өлкөдөгү башка жеке адамга 50 миң доллардан ашык акча которууга укуктуу.


Буга чейин чек 10 миң доллар болчу.


Борбордук банк эсеп ачпастан акча которуу кызматтарын көрсөткөн компаниялар аркылуу Рссияга дос өлкөлөрдүн резиденттери жана резидент эместери айына 5 миң доллардан ашпаган же башка валютадагы эквиваленттен ашык эмес акча которо алаарын белгилейт.


Жеке жактар, анын ичинде Россияда эмгек же жарандык-укуктук келишимдер боюнча иштеген дос мамлекеттерден келген резидент эмес жарандар эсеп ачуусуз эле которууларды жүргүзө алат. Ошондой эле Россиянын сыртындагы эсептеринен рублда жана чет өлкөлүк валютада эмгек акысынын өлчөмүндө кошумча акча которо алышат.


Бүгүнкү күнгө чейин дос эмес өлкөлөрдүн резидент эместери эсептен 10 000 доллар чегинде жана эсеп ачпастан 5 000 долларга чейинки валютада гана акча которо алышкан.


Жаңы чектөөлөр 2022-жылдын 30-сентябрына чейин белгиленген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн