Бугу 16, 2024
Убакыт: 04:58
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Россияда 7 жаштагы баланы сатууга аракет кылган аял кармалды. Анын кыргыз экени айтылууда

11.08.2022 14:50
663
Россияда 7 жаштагы баланы сатууга аракет кылган аял кармалды. Анын кыргыз экени айтылууда

Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарынын жашоочусу 7 жаштагы баласын сатууга айыпталып кармалды. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.


Маалым болгондой, баланын энеси жолдошу менен кеңешип, турмуштук абалдан улам 7 жаштагы уулун сата турганын билдирип, социалдык тармактарга жарыялаган. Ал баласы үчүн 300 миң рубль сураган.


Эненин бул аракетин ыктыярдуу топ жана укук коргоо органдары көзөмөлгө алган. Балага кардар табылып баланы сатуу аракети учурунда баланын энеси колго түшүрүлгөн.

Орус мыйзамына ылайык, жаш балдарды сатуу беренеси боюнча эне 10 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.


Ал эми журналист Семетей Аманбеков баласын сатууга аракет кылган жаран кыргыз экени тууралуу маалыматты социалдык тармактагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

Анын 7 жаштагы баладан башка дагы бир уул, бир кызы бар экени айтылат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн