Бугу 29, 2025
Убакыт: 03:04
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.090
1.110

Россияда Су-34 истребители көп кабаттуу үйгө кулады (видео)

Россияда Су-34 истребители көп кабаттуу үйгө кулады (видео)

Россиянын Краснодар аймагындагы Ейск шаарында Су-34 бомбалоочу истребители көп кабаттуу үйлөрдүн бирине кулады. Бул тууралуу орус маалымат булактары кабарлады.


Маалыматка караганда,  Су-34 истребителинин кыймылдаткычынан машыгуу учурунда от чыгып, башкарылбай кулаган. Мындан улам   истребителдин учкучтары коопсуздук чараларын көрүп, чыгып кетүүгө үлгүрүшкөн. 


Аталган кырсыктан кеминде 3 адам каза таап, 15 адам жабыркаган. Ошондой эле 17 батир зыянга учураган.


Аталган үйдүн жашоочулары убактылуу жашоочу жайларга эвакуацияланган.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн