Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 03:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Россияда киши өлтүрүүгө шектелген жаран Ошто тоноого шектелип кармалды

Россияда киши өлтүрүүгө шектелген жаран Ошто тоноого шектелип кармалды


Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө тоноого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.


Маалыматка ылайык, ушул жылдын 22-июнунда ички иштер органдарына жаран М.А. кайрылган, анын билдирүүсүнө караганда Кара-Суу районунун көчөлөрүнүн биринде белгисиз адам күч колдонуп, Самсунг үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 119 миң 800 сом акчасын алып качып кеткен.


Аталган факт КР Жазык кодексинин 201-беренедеги кылмыш белгилеринин негизинде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн.


Мындан тышкары, Ош шаарында ыкчам-профилактикалык иш-чаралардын жүрүшүндө ИИМ КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан тоноого шектүү 1982-жылы туулган Ош шаарынын тургуну О.Э. кармалган.


Алгачкы иликтөөлөрдүн жүрүшүндө аныкталгадай, ал Россия Федерациясынын аймагында оор кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөндүгү аныкталды.


Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн