Бугу 17, 2024
Убакыт: 17:45
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Россияда жол кырсыгынан каза болгон Жалал-Абад облусунун 4 тургунун сөөгү жакындарына жеткирилди

24.08.2022 07:28
849
Россияда жол кырсыгынан каза болгон Жалал-Абад облусунун 4 тургунун сөөгү жакындарына жеткирилди

Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан каза болгон Жалал-Абад облусунун төрт жаранынын сөөгү алынып келинди. 


Каза болгон мекендештердин сөөгүн Ош аэропортунан Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев коштоп келди. Каза болгондордун бири Сузак районунун Ленин айыл өкмөтүнүн Жыгач-Коргон айынын тургуну Азиз Каныбек уулунун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. 


Облус башчысы маркумдун жакындарына көңүл айтып, кайраттуулук тиледи. Мындан сырткары каза болгондордун жакындарына ар тараптуу жардам көрсөтүүнү президент жеке көзөмөлүнө алганын белгилеп, өлкө башчысы тарабынан 300 миң сом жана Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин атынан берилген 50 миң сом акчалай жардамын тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн